7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сосновкада жүк ташуучу унааларга коюлган чектөөлөр алынды

613

Бүгүн, 27-октябрь күнү саат 9:20дан баштап Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу, Сосновка бекетинде жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө киргизилген чектөөлөр алынды. Бул тууралуу “Кыргызавтожол” ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 26-октябрь күнү эртең мененки саат 11:40да жасалма тыгындарды болтурбоо максатында, аба ырайы жана климаттык шарттар жакшырганга чейин Төө-Ашуу, Сосновкада жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилген.

“Жолдорду кардан тазалоо жана инерттик материалдар менен толтуруу иштери жүргүзүлүүдө. Анын негизинде жолдордун ашуу тилкелерине бара жаткан айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөккө алмаштырууну, дөңгөлөктөрдүн чынжырчаларын жана күрөктөрүн алып жүрүүнү сунуштайбыз”, — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

614