7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сот Базар-Коргондогу мурдакы айылдык кеңештин депутатын 5 жылга кести

746

Базар-Коргондо мурдакы айылдык кеңештин депутатына сот өкүмү чыкты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, М.А.Т. 2020-жылдын 30-октябрь күнү Жалал-Абад шаарында уруксатсыз митингдин уюштуруучуларынын бири болуп, эл алдында Орто Азия өлкөлөрүнүн аймагында «Ислам Халифатын» орнотуу тууралуу  Конституцияга каршы келген ойлорун айткан. Ошондой эле, 2020-жылдын  ноябрь айында кармалган.

«M.A.T. кармалганга чейин Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун айылдык кеңешинин биринин депутаты, «Солдат» каймана аты бар «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөсү болгон. 2021-жылдын 16-июлунда Жалал-Абад шаардык сотунун чечими боюнча 3 жылга чейин белгилүү кызматтарды ээлөөбөө менен 5 жылга эркинен ажыратылды»,  -деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

747