7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Социалдык коргоонун 117 маалыматтык-сурап билүү линиясы ишке кирет

511

Социалдык коргоо боюнча 117 маалыматтык-сурап билүү линиясы Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнүн адистеринин турмуштук оор кырдаалда турган адамдарга, анын ичинде гендердик жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылгандарга социалдык колдоо көрсөтүү, ошондой эле калк менен кайтарым байланыш түзүү боюнча ишин өркүндөтүү максатында түзүлгөн. Чалуулар акысыз кабыл алынат. Райондук жана шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери министрликке байланыштуу бардык маселелер боюнча жарандарга кеңеш беришет.

«Келечекте 117 линиясы социалдык жардам боюнча корпоративдик маалымат тутуму, ошондой эле ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму «Түндүк» менен интеграцияланат. Министрдин айтымында, пандемия учурунда ишеним телефону жана операторлордун консультациясы өзгөчө актуалдуу. Тилекке каршы, өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулуктун деңгээли төмөндөбөй жатат.

117-линиясы — бул үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккендерге жардам берүүчү маанилүү чаралардын бири. Анын жардамы менен биз зордук-зомбулук фактыларына тезирээк реакция жасайбыз, зомбулуктун андан аркы алдын алуу үчүн маалыматтарды иштеп чыгабыз, кырдаалды чечимдерди кабыл алабыз, ошондой эле жабыр тарткандарга укуктук жана психологиялык жардам көрсөтө алабыз«, — деп белгилеген министр.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

512