7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте улгайган жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн Энелер күнү белгиленди

873

Бишкек шаардык улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн социалдык стационардык мекемесинде Энелер күнү белгиленди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин жашоочулары үчүн концерт уюштурулуп, аны Кырыгыз Республикасынын чек ара аскерлеринин ансамбли музыкалык жана энелерге арналган ырлар менен коштолду. Концерттен кийин майрамдык сый тамак уюштурулду.

Бишкек шаардык улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн социалдык стационардык мекемесинде бүгүнкү күндө 213 адам жашайт.

Аталган мекеменин жашоочулары социалдык, медициналык, турмуш-тиричилик кызматтары акысыз көрсөтүлүп, кийим-кече, бут кийим, биринчи керектелүүчү буюмдар менен толук камсыз болуп турат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

874