7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Соцконтракт аркылуу алган 100 миң сомду 80 үй-бүлө иштете албай калган

367

Кыргызстанда социалдык контракттын негизинде берилген 100 миң сомду 80 үй-бүлө иштете албай калган. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бул долбоордун алкагында өлкө боюнча 2 жылда аз камсыз болгон 12 миң 800 үй-бүлө ишкерлик кылуу үчүн мамлекеттен 100 миң сом өлчөмүндө каражат алган.

“Көптөгөн жарандар бул долбоордун жардамы менен жашоо-турмушун жакшыртып кетсе, арасында иштете албай калгандар да бар. Мамлекеттен 100 миң сом алгандардын ичинен 80 үй-бүлө иштете албай калып, алган каражатын кайтарып беришкен. Белгилей кетүүчү жагдай, комиссиянын чечими менен ал үй-бүлөлөр кайрадан ай сайын берилүүчү жөлөк пул алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту”, — деди министр.

368