7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Союздук мамилелер жөнүндө келишимге кол коюлгандыгына 20 жыл. Жапаров Токаевди куттуктады

472

Президент Садыр Жапаров Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаевге эки өлкө ортосундагы Союздук мамилелер жөнүндө келишимге кол коюлгандыгынын 20 жылдыгына байланыштуу куттуктоо телеграммасын жолдоду.

«Кыргызстандын элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан биздин боордош өлкөлөрдүн ортосундагы Союздук мамилелер жөнүндө келишимге кол коюлгандыгынын 20 жылдыгы – мааракелик датага байланыштуу менин чын жүрөктөн чыккан куттуктоомду кабыл алыңыз.

Жалпы тарыхый тамырларга негизделген жана Союздук мамилелер жөнүндө келишимде чагылдырылган бекем фундаменталдуу баалуулуктар жана принциптер бүгүнкү күндө көп пландуу кызматташтыкты ырааттуу түзүүгө мүмкүндүк берет деп терең ишенем.

Сиз менен болгон жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашуулар ар түрдүү чөйрөлөрдө эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн принципиалдуу жаңы перспективаларын ачууга мүмкүндүк берди.

Болгон жыйынтыктарга таянып, биргелешкен аракеттер менен биз Кыргызстан менен Казакстандын боордош элдеринин ортосундагы союздук мамилелерди мындан ары чыңдоону камсыздай алабыз деп ишенем.

Урматтуу Касым-Жомарт Кемелевич, Сизге чың ден соолук, жакшылык жана ийгиликтерди, ал эми боордош Казакстан элине – тынчтык, бакубатчылык жана жаратмандык каалайм», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

473