7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өспүрүм кулап каза болгон курулуш компаниянын иши токтотулду

371
Ошто 16 жаштагы өспүрүм учуп көз жумган курулуш компаниянын лицензиясы токтотулду. Мындай чечим 9-октябрда кабыл алынганын Мамкурулуштан билдирди.
«Ош шаарындагы Шамшиев көчөсү, 1 дарегинде курулуп жаткан турак үйдө, адам өлүмүнө алып келген курулуш учурундагы коопсуздук техникасынын талаптарын бузууларга байланыштуу укук коргоо органдары тарабынан тергөө жүргүзүлүп, «Артвин групп кейджи» курулуш компаниясынын лицензиясынын колдонулушун токтото туруу чечими кабыл алынган», — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 5-октябрда Ошто курулушта иштеп жаткан 16 жаштагы бала 13-кабаттан кулап, каза болгон.
372