Бишкекте өспүрүмдү урган № 173 каттамдын айдоочусу иштен алынды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, № 173 каттамдын линиясынын айдоочусу У.Б.Бообеков эшикти тарс жаап салганы үчүн өспүрүмдү муштап салган.
«Айдоочу Кыргыз Республикасынын колдонуудагы ченемдик-укуктук актыларын одоно бузгандыгы үчүн иштен бошотулду. Ошондой эле, жогорудагы каттамдын бригадири менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ал тараптан жүргүнчүлөрдү ташууда этиканы сактоо жөнүндө айдоочулар курамы менен сүйлөшүүлөр уюштурулду»,-деп берилет маалыматта.
Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармактарда маршруттук таксинин айдоочусу эшикти катуу жаап салгандыгы үчүн өспүрүмдү муштап салгандыгы кабарланган.