Жакында эле чыккан кореялык «Игра в кальмара» сериалын Испанияда ата-энелерди жаш балдарга көрсөтпөөгө чакырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, айрым ата-энелер балдарынын сериалдагы оюндарды туурай баштаганын айтып, буга чейин бир канча жолу бийликке арызданышкан.
Байлар тарабынан уюштурулган оюнга карызга баткан карапайым адамдар чоң суммадагы акча үчүн катышып, бул оюн жеңилген адамдардын өлүмү менен коштолуп отуруп, акырында 1 гана адам аман калат.
«Игра в кальмара» сериалын 16 жаштан жогоркулар гана көрүшү керек экендиги ачык эле белгилүү. Ошондуктан үй-бүлөдө сөзсүз көзөмөл болушу шарт. Кичинекей балдардын көрүүсүнө чоңдор тарабынан чектөө киргизилиши керек», — деп билдирген Мадрид шаарындагы маданият башкармалыгынын кеңешчиси Марта Ривера де ла Крус.
Бул өлкөдөгү мугалимдер, мектеп жетекчиликтери жана бийлик органдары да сериалдын жаш балдарга карата терс таасири боюнча эскертүү жасашкан.
Ошондой эле буга чейин Британиядагы билим берүү мекемелери дагы тынчсыздануудан улам кореялык сериалды кичинекей балдарга көрсөтпөө өтүнүчү менен ата-энелерге кат жолдоп жатышканын билдиришкен.
Эскерте кетсек, «Игра в кальмара» сериалы Netflix кинокомпаниясы тарабынан Түштүк Корея өлкөсүндө тартылган. Кыска убакыттын ичинде бул сериал бүткүл дүйнөдө атактуулукка жетти.