7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Спорт сарайында «Баткенге көмөк» штабы уюштурулган

532

Бишкек шаарындагы Кааба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн астында «Баткенге көмөк» штабы уюштурулган. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Маалдыматка ылайык,  Баткен облусунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кагылышууларда жабыркаган мекендештерге жөнөтүү үчүн гумантирдык жардам кабыл алынууда.

» Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Баткен облусунун Лейлек району үчүн келип түшкөн 60 тонна гуманитардык жүктү бөлүштүрүп баштады . Жүктү жеткирүү ыкчамдыгын жана штаб ишинин натыйжалуулугун камсыздоо үчүн бардык гуманитардык көмөктү бир түйүндө топтоо зарыл, себеби Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин транспорту үчүн гана гуманитардык жүк жеткирүү үчүн «Жашыл коридор» уюштурулат»,-деп берилет маалыматта.

«Баткенге көмөк» штабынын координатору катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн уюштуруу-инспектордук жана контролдук иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Атай Алманбетов дайындалды, телефону: 0552 00 00 95.

Эскерте кетсек, Республикалык штабдын Call-борбору 1227 жана 0705 15 13 00 номурлары боюнча иш алып барууда, ыктыярдуу негизде келип түшүүчү акча каражаттарын топтоо үчүн «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги» атайы эсеби ачылган.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

533