7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Стамбулда беш мамлекеттен келген ТИМ башчыларынын жолугушуусу болуп өттү

567

Стамбулда өтө турган Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТТМКК) тышкы иштер министрлеринин кеңешинин (ТИМК) алдында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Р. Казакбаевдин, Казакстан Республикасынын тышкы иштер министри М.Тлеубердинин, Өзбекстан Республиканын тышкы иштер министри А. Камиловдун, Түркия Республикасынын тышкы иштер министри М. Чавушоглунун жана ТТМККнын Башкы катчысы Б.Амреевдин бейформал жолугушуусу болуп өттү.  Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, химия боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты, илимпоз биохимик Азиз Санжар цивилизациялык өнүгүүдөгү түрк дүйнөсүнүн ролуна илимий мамиле, медицинанын өнүгүү тармагындагы заманбап тенденциялары боюнча презентация жасады.

Белгилей кетсек, жолугушуунун жүрүшүндө үстүбүздөгү жылдын 12-ноябрында Стамбулда өтө турган ТТМККнын юбилейлик саммитинин күн тартибиндеги маселелер жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер, регионалдык шартта түрк кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

568