7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Статистика: 2020-жылы каза болгондордун жарымынан көбүнүн кан айлануу системасы жабыркаган

1740

2020-жылы Кыргызстанда жалпы каза болгондордун жарымынан көбү кан айлануу системасы жабыркагандар болгон. Бул тууралуу  Улуттук статистика комитети кабарлайт.

Жүрөк-кан тамыр оорусуна кабалгандардын эң көбү Ысык-Көл облусуна туш келсе, салыштырмалуу азыраак учур Ош облусуна туура келет.

  • Ысык-Көл облусунда -828,
  • Таласта 720,
  • Баткен облусунда 701,
  • Ош облусунда 448,
  • Ош шаарында 527,
  • Жалал-Абад облусунда 499.

Калктын жалпы ооруга чалдыгуу структурасында оорулардын эң көп саны (36%) дем алуу органдарынын ооруларына, 12% дан ашыгы — тамак сиңирүү органдарына, 7% — заара системасынын органдарынын ооруларына, 5% —  травма жана ууланууга, 8% ашыгы —  жугуштуу жана мите ооруларына туура келди.

Өлкө  боюнча жалып бейтаптардын жалпы санынын 74% тышкы дем алуу жолдорунун инфекциясы, 11% жакыны — ички дем ​​алуу жолдорунун  инфекциясы жана 10% — пневмония диагнозу коюлган.

Өлүм себепчи болгон оорулардан экинчи болуп шишик оорулары саналат.

Бул жерде тамак сиңирүү органдарынын оорулары (33% жакын), андан кийин эмчек оорулары — 11% дан ашык, дем алуу органдары (трахея, бронх жана өпкө) — 12% дан ашык, лимфа жана кан түзүү ткандары — 5% дан ашык жана теринин рак оорусу — 4% дан ашык оорулар басымдуулук кылат.

2020-жылдын аягында республиканын онкологиялык мекемелерде 20 миңден ашык адам каттоодо турааары маалым болгон, алардын 98% дан ашыгын аялдар.

2020-жылы республикада медициналык уюмдарга 1 миллиондон ашык кайрылган учурлар катталган, анда балдардын үлүшүнө 36% дан ашыгы туура келген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1741