7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Статистика: Бир суткада 174 адамдан COVID-19 табылып, 5 бейтап каза болду

422

31-майга карата коронавирус дан 174 адамдан аныкталып, 5 бейтап каза болду. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирди.

Жуктургандар:

Бишкек шаарында 95 адам;
Ош шаарында 26 адам;
Чүй облусунда 7 адам;
Ош облусунда катталган жок;
Талас облусунда 5 адам;
Нарын облусунда 4 адам;
Ысык-Көл облусунда 15 адам;
Жалал-Абад облусунда 17 адам;
Баткен облусунда 5 адам.

Муну менен өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 104 729 адамга жетти.

Ал эми, илдеттен Бишкек шаарынан 4 адам, Ысык-Көл облусунан бир адам ковидден каза болду. Өлкө боюнча илдеттен каза болгондордун саны жалпы 1808ге жетти.
Ошондой эле, штабдын маалыматына ылайык, бир сутка ичинде өлкө боюнча 11 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталган. Пандемия башталгандан бери 4 миң 663 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 577 медкызматкер айыгып чыкты.

«Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 696 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 653 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1 136 бейтаптын абалы орто оордукта, 446 адамдын абалы оор жана 94 бейтап өтө оор абалда жатат»,-деп берилет маалыматта.

Эскерте кетсек, 98 миң 544 киши айыгып чыкса, 1 миң 808 адам каза болду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

423