7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Статком: Кыргызстанда орточо эмгек акы 33 миң сом

1155

2024-жылдын башында, январь айында орточо эмгек акы 33 миң 664 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статискалык комитет билдирет.

Ал өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 12,7 пайызга көбөйдү, ал эми баалардын кымбатташын эске алганда 6,4 пайызга өскөн.

Эң жогорку айлык Бишкек шаарында. Ордо калаанын менчик компанияларынын кызматкерлеринин орточо маянасы – 44 миң 462 сом, ал эми бюджеттик сферадагылар 34 миң 251 сом алышат.

Ош облусунда эң аз төлөнөт. Бул аймактагы менчик ишканаларда айлык  28 миң 879 сом, мамлекеттик органдарда орточо 23 миң 818.
Жыл башында дээрлик бардык тармактар айлык акыны көбөйткөн, айрыкча соода, автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо (58,3 пайыз), башка тейлөө ишмердиги (44,0 пайыз), кыймылсыз мүлк операциялары (35,4 пайыз), курулуш (28,5 пайыз) жаатында өстү

1156