7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эсенбай Нурушев: Манаска каршы көрүлүп жаткан аракеттерди «диверсия» десе болот

159

Журналист, коомдук ишмер Эсенбай Нурушев: Акыркы мезгилде Манаска каршы жаңы аракеттер башталды. Мындан 8 жыл мурда Жайсаңдын Манасы «экстремисттик чыгарма» деп таанылып, атайын сот чечими чыккан жана ал өкүмдү Жогорку сот да бекиткен. Ага карабастан, сот чечимин көзгө илбестен, Манаска каршы жаңы аракеттер көрүлө баштады. Аксакал философубуз Жумагул Сааданбеков аларды жакында «кодура ойчулдар» деп атады.

Темир Токтогазиев Манас тууралуу «Манастан алган беш китеп» деген көлөмдүү китеп жазып чыгарыптыр, анда Манасты ал түрк баатыры кылып, тарыхта белгилүү болгон түрк баатырларына байлап койгон экен, алар болсо ошол кезде кыргыздар менен согушкан. Андан да кызыгы, китепте «Курама топтоп журт кылдым, / Кулаалы таптап куш кылдым» деп Манастын айтканынын ордуна «Кулалы таптап куш кылган, / Кулдарды топтоп журт кылган» деген сөздөр келтирилет. Бирок негедир биздин Марас туунуучулар менен башка окумуштуулар азырынча үн катпайт…

160