7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК кызматкерине пара берүүгө аракет кылып жаткан жеринен айыл өкмөт башчысы  кармалды

220

Нарында УКМК кызматкерине пара берүүгө аракет кылган айыл аймак башчысы кармалды.Бул тууралуу УКМКдан билдирди

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Нарын облусунун Нарын районунун Учкун айыл аймагындагы «Жашыл Учкун» муниципалдык ишканасында финансылык мыйзам бузуулар тууралуу маалыматтар алынган.

Тактап айтканда, «Жашыл Учкун» ишканасынын эки банктык эсеби бар («Доскредобанк» ААКта — негизги эсеп жана «РСК банк» ААКта — атайын эсеп), мында жайыт жерлерин пайдалануудан түшкөн каражаттар атайын эсепке чегерилет. 2023-жылдын август айында Учкун айыл аймагынын жооптуу адамдары жайыт төлөмдөрүн чогултуу планын аткаруу максатында негизги эсептен 260 миң сом алып, элден чогулган каражат катары атайын эсепке киргизишкен. Аталган адамдар иш жүзүндө бүтпөй калган жайыт жерлеринде ар кандай оңдоо иштерин жүргүзөбүз деген шылтоо менен 260 миң сомду негизги эсептен чыгарып салууга аракет кылышкан.

Бул маалыматты текшерүү боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө  18-марта Нарын районунун Учкун айыл аймагынын башчысы, 1975-жылы туулган Ө.Э.М УКМК кызматкерине текшерүү иш-чараларын токтотуу үчүн 100 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан учурда КР Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин (пара берүү) негизинде кармалды.

Ө.Э.М. Нарын шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, 20-мартта Нарын шаардык сотунун чечими менен үй камагына чыгарылды.

 

 

 

221