7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Судья менен прокурордун орун басары пара алып жаткан жеринен кармалды

775

Нарын облусунун Жумгал райондук сотунун судьясы А.А. жана райондук прокурордун орун басары О.Ж. 50 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, Жумгал районунун судьясы А.А. райондун прокурорунун орун басары менен биргелешип, Х.Д. аттуу жарандан ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу жана коротуу беренеси менен айыпталган анын жакын тууганына карата сотто ишти кыскартуу жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн 50 миң сом өлчөмүндөгү пара талап кылышкан.

Учурда прокурордун орун басары убактылуу кармоо жайына киргизилди.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

776