7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сулайман Кайыпов: Барпы жөн гана акын болбостон, терең ойчул катары философиялык ырларды жараткан

761

Улуттук илимдер академиясынын Философия институтунун башкы илимий кызматкери, профессор Сулайман Кайыпов: Барпынын 140 жылдыгына утурлай, ТҮРКСОЙ уюму жакында Туркияда бүткүл турк мамлекеттеринде белгилене турган «Барпы жылына» старт берди. Барпы атактуу төкмө акын, ал махабат ырларын эң жогорку деңгээлде ырдап, Жеңижок, Эшмамбет, каражаак Калмырза сыяктуу акындар менен айтышка чыккан.

Барпы – аалам түзүлүшү жана адамдык баалуулуктар жөнүндө ырдаган даанышман санатчы да болгон. «Айт, айт десе ааламды айт! / Алдыга аалам кадамдайт. / Ар түркүн өнөр чыгарган / Ааламдагы адамды айт! / Бири күлсө, миңи ыйлайт, / Акыйкатсыз заманды айт! / Байга – бакыт, кедейге / Шорду жазган каламды айт!», – деген сыяктуу көптөгөн ырлары кыргыз поэзиясынын алтын казынасында сакталат. «Барпы жылы» быйыл анын туулган Сузак районунан тартып, Бишкекке чейин жана чет мамлекеттерде да ар башка иш-чаралар менен белгиленет…

762