7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сулайман Кайыпов: Чет элдик студенттер менен кагылышууда керкисинде да, кемтигинде да бар болуп жатат

458

«Манас» университетинин мурдагы ректору, профессор Сулайман Кайыпов: Чет өлкөлүк жаштар Кыргызстанга келип, биздин жогорку окуу жайларыбызда билим алып жатканы — эң жакшы көрүнүш, демек, Кыргызстан дүйнөлүк билим берүү иштерине кадимкидей аралашып, кайсы бир деңгээлде абройлуу мамлекет болуп, мааниси жогорулап баратат. Эмгек мигранттары Кыргызстандан гана башка мамлекеттерге кетип жатпастан, бизге дагы мигранттар келип жатканын кубатташ гана керек.

Бирок мындай иштерди жакшы көзөмөлгө алып, тарбия иштерин күчөтүү керек эле — андай тарбия чет жактан келгендер үчүн дагы, өз жаштарыбыз үчүн дагы керек экени таасын көрүндү. Ал үчүн чет өлкөлүк студенттер менен алдын ала түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, кыргыз маданияты менен тааныштырып, анча-мынча кыргызча сүйлөгөнгө үйрөтүп койсо, балким, мынчалык касташуу чыкпайт эле. Жалпысынан болсо, коомубуз дагы маданият деңгээлин көтөрүп, тартип коргоо органдары дагы өз адистик деңгээлин жогорулатыш керек…

459