Бүгүн Нарын жана Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарынын айрым жерлеринде үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.
Абанын температурасы Чүйдө +20…+25, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +21…+26, Талас, Ысык-Көл аймактарында +18…+23, Нарын өрөөнүндө +13…+18 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +22…+24, Ош шаарында +24…+26 градуска чейин көтөрүлөт.