Сулайман-Тоо- ооз ачуучу жай эмес, зыярат кылуучу ыйык жер                
826
Социалдык тармактарда Сулайман-Тоого чыгып ооз ачууга чакырыктар болуп, видеолор тарап жатат. Улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси мындай жорук туура эмес экенин эскертти.
«Сулайман-Тоо ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине Кыргыз Республикасынын атынан кирген биринчи эстелик.
 
Сулайман-Тоо ата-бабаларыбыздын изи калган, тарыхый-маданий мурас объекти, зыярат кылуучу ыйык жай.
 
Урматтуу Сулайман-Тоонун коноктору! Сулайман-Тоо жалпыбыздыкы жана анын тазалыгын, жаратылышын сактоо ар бирибизге жүктөлгөн милдет.
 
Тоого бир жолу колдонулуучу желим баштык жана желим идиштер менен чыкпоону суранабыз! ( Ооз ачар жана тамактануу үчүн атайын тамактануучу жайларды сунуштайбыз)»,-деп берилет маалыматта.