7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда күйөөсүн өлтүрүүгө шектелген аял кармалды

248
Жалал-Абадда аял күйөөсүн өлтүрүп койгон. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 25-март күнү саат 21:55 чамасында Жалал-Абад ШИИБге телефон чалуу болуп, ошол эле күнү саат 21:40 чамасында Жалал-Абад шаарындагы батирлердин биринде аял киши өзүнүн күйөөсүн учтуу нерсе менен сайып, натыйжада денесинен алган жараатынан улам күйөөсү окуя болгон жерде каза болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.
Милициянын ыкчам-тергөө тобу, жетекчилиги прокуратура кызматкерлери менен бирге окуя болгон жерге барып кароо жүргүзүлүп, схемасы чийилип, тийиштүү эскпертизалар дайындалып, 1 даана бычак далил буюм катары алынып печатталган.
Бул факты Жалал-Абад ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон.
Окуя боюнча териштирүү учурунда күйөөсү менен аялы 2012-жылдан бери чогуу жашашкандыгы, окуя болгон күнү чогуу спирт ичимдигин ичишкендиги аныкталган. Күйөөсү 52 жашта болгон.
 Кылмыш ишине шектүү катары Жалал-Абад шаарынын тургуну 1972-жылы туулган Л.С. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.
249