Бишкектин Биринчи Май райондук соту алдамчылыкка шек саналып кармалган Бекзат Өмүрбековду 20-мартта үй камагына чыгарганы белгилүү болду. Маалыматты аталган райондук соттун басма сөз кызматы ырастады.
Белгилей кетсек, Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы Бекзат Өмүрбековго март айынын башында Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, сот 1-майга чейин убактылуу кармоочу жайга камакка алган.
Милициянын маалыматы боюнча, ал жана дагы бир адам жергиликтүү тургундардын бирине жетекчилик кызматка ишке орноштурууга убада берип, 50 миң доллар акча алышканы аныкталган.