7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Султан Макилов: Шайлоодо одоно мыйзам бузуулар катталган жок

313

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнү одоно мыйзам бузуулар катталган жок. Бул тууралуу ИИМ басма сөз катчысы Султан Макилов “Биринчи радиого” билдирди.

Анын айтымында, шайлоо күнү мыйзам бузуу боюнча келип түшкөн ар бир маалымат текшерилип, юридикалык баа берилет.

“Шайлоо күнү мыйзам бузуу боюнча 79 маалымат келип түшкөн. Келип түшкөн 79 маалыматтын ичинен көбүнчөсү шайлоо күнү үгүт иштеринин эрежелеринин бузулушу боюнча болду. Кечээ бир топ маалыматтар боюнча чечимдерди кабыл алдык. Бүгүн да түшкөн маалыматтар боюнча чечимдерди кабыл алып, жоопторун беребиз.

БШКнын сайтында реестрлер деген бөлүм бар. Ал бөлүмгө буга чейинки шайлоолорго жана кечээки шайлоого келген бүт арыз-дооматтардын бардыгы чыгарылат. БШКга, ИИМге келген ар бир арыз-доомат жана ага карата кандай чечим кабыл алынганы ошол реестрде көрсөтүлүп турат”,- деди Макилов.

314