7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Султан Раев Венгриянын мамлекеттик Ордени менен сыйланды

310

ТҮРКСОЙ Эл аралык уюмунун Башкы катчысы Султан Раев Венгриянын эң жогорку мамлекеттик сыйлыктарынын бири болгон «өзгөчө эмгек сиңиргендиги үчүн» Ордени менен сыйланды.

Бул сыйлык Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын сунушу жана президент Тамаш Шуюктун Жарлыгы менен өлкөнүн көз карандысыздык улуттук майрамынын алкагында ыйгарылды.

19-августта Пешти Вигадо имаратында өткөн расмий аземде орденди Венгриянын маданият жана инновациялар министри Балаж Ханко тапшырды.

Жазуучу жана драматург Султан Раев бул жогорку мамлекеттик сыйлыкка Венгрия эли менен маданий кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана венгр-түрк достук мамилелерин чыңдоого кошкон зор салымы үчүн татыктуу болду.

Сыйлыкты кабыл алып жатып, Башкы катчы Султан Раев чоң ыраазычылык билдирип, мындан ары да Венгрия менен түрк дүйнөсүнүн маданий жана достук байланыштарын тереңдетүүгө кызмат кыла берерин белгиледи.

Бул сыйлык түрк дүйнөсүнүн жалпы баалуулуктарын эл аралык деңгээлде даңазалоо жана жайылтуу жаатындагы эмгектин жогору бааланганынын айкын далили катары саналат.

311