7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сурабалдиева: Өкмөт саламаттыкты сактоо тутумун модернизациялоого аракеттенүүдө

372

Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө Кемин жана Чүй райондорунун аймактык ооруканаларына барып, андагы жугуштуу оорулар, балдар жана төрөт бөлүмдөрүнүн абалы менен таанышып чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.


Анын айтымында, бүгүнкү күндө Өкмөт бардык күч-аракетти саламаттык сактоо тутумун модернизациялоого жана колдоого алууга багыттоодо.

«Сапардын негизги максаты – медициналык мекемелердин актуалдуу жана курч көйгөйлөрү менен жеринде таанышуу. Учурда узак убакыт бою калдык принциби боюнча каржыланып келген саламаттык сактоо тутумун күчтөндүрүү маселесине артыкчылыктуу маани берилүүдө. Медициналык мекемелердин абалы, алардын тийиштүү жабдуулар менен камсыздалышы жана жабдылышы эң маанилүү маселе. Медициналык кызматкердин макамы, анын социалдык жактан корголушу жана иштөө шарттары да көңүл борборунда турат. Мындан тышкары, медициналык кызмат көрсөтүү сапатын жогорулатуу маселеси да маанилүү. Бул маселелер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү иш алып барып жаткан артыкчылыктуу багыттардан», — деди ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

373