7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Суррогат энеликти жарнамалоого тыюу салуу сунушталды

684

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев суррогат энеликти жарнамалоого тыюу салууну сунуштайт. Бул тууралуу ал Telegram каналында билдирди.

“Иран, Кытай жарандары келип, Кыргызстанда акчага муктаж аялдарды суррогат эне болууга үндөшөт. Анан аларды Кипр, Грузияга алып чыгып кетет. Ал жакта кокус боюнан түшүп калса, эч нерсе төлөп беришпейт”, — дейт Бекешев.

Ага ылайык, Кыргызстанда катталбаган клиникаларга суррогат энелерди издөөгө бөгөт коюу керек. Депутаттын демилгеси кыргызстандык аялдардын укугун коргоого багытталат.

Депутат демилгесин  «Коомдук саламаттык жөнүндө» мыйзам долбооруна сунуштайт. Аталган мыйзам долбоор бүгүн парламентте экинчи окууда каралат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

685