Бүгүн, 15- сентябрь күнү, жаңы окуу жылынын башталышына карата Сузак районунун Багыш айылындагы №8 У.Абдукаимов атындагы 275 орундуу жаңы мектеп пайдалууга берилди. Бул тууралуу маалыматты президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тапшыруу аземине Кыргыз Республикасынын президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Сузак районунун акими Баратбек Сыдыкназаров, билим берүү кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышты.
Ыйгарым укуктуу өкүл мугалимдерди жана окуучуларды окуу жылынын башталышы менен куттуктады. Заманбап жаңы мектепте өлкөнүн керегине жараган билимдүу уул-кыздар тарбияланып чыгышына үмүт артаарын билдирди.
Аталган мектептин курулушу 2014-жылы башталган. Ага республикалык бюджеттен 48 миллион сом акча каражаты сарпталган.