7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Сыйкырдуу чырак» спектакли ар бир көрүүчүнүн жүрөгүн багындырат!

323

Белгилүү араб жомогу «Аладдин жана сыйкырдуу чырак» негизинде даярдалган автордук музыкалык-цирк шоусуна барыңыздарды чакырабыз!

Эр жүрөк жана боорукер Аладдин менен анын жиннинун окуясы дүйнөнүн бардык булуң-бурчунда сүйүп окулган жомоктордун бири. Чыгыштын сырдуулугу, кооздугу жана сыйкырына толгон «Сыйкырдуу чырак» спектакли ар бир көрүүчүнүн жүрөгүн багындырат!

«Сыйкырдуу чырак» шоу-программасында 50 таланттуу артист — Париж жана Монте-Карлодо өткөн эл аралык цирк фестивалдарынын жеңүүчүлөрү, Du Solei циркинин катышуучулары, башкы ролдорду аткарган вокалисттер, белгилүү театр актерлору жана «Голос» долбоорунун катышуучулары — жарык жана боорукер спектакль тартуулашат, анда сүйүү жана жакшылык жамандыкты жеңет!

Шоу үчүн атайын кооз костюмдар даярдалды, оригиналдуу музыка жазылды, автордук ырлар жаратылды. Сюжеттин көп катмардуулугу, цирк жана комедия артисттеринин чеберчилиги, вокалдык номерлердин мааниси бардык курактагы көрүүчүлөр үчүн кызыктуу болот.

Белгилей кетсек, 4 жашка чейинки балдарга кирүү акысыз (өзүнчө орунсуз). Билеттерди kassir.kg сайтынан, ошондой эле ТЦ Asia Mall’дон (14:00дөн 21:00гө чейин) же +996704144155 номери аркылуу сатып алсаңыз болот.

Жаңы шоулор жөнүндө биринчилерден болуп кабардар болгуңуз келеби? AppStore же PlayMarketтен биздин колдонмону жүктөп алыңыз жана байланышта болуңуз!

324