7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сыймык Жапыкеев Мелис Аспеков менен акча бөлүшкөндүгү жалган экенин айтты

259

Сыймык Жапыкеев Мелис Аспековдун алган акча менен бөлүшкөнү жалган экендигин билдирди. Бул тууралуу ал жергиликтүү маалымат булактарына ырастаган.


Анын айтымында, жарандык активист Мелис Аспеков ага каршы көрсөтмө бергенине ишенбейт.


«Мелис Аспеков менен эч кандай мамилем жок. Ал өзүнчө жүрөт. Ким кимден акча талап кылгынан тергөөнүн жыйынтыгы көрсөтөт. Маалымат калп, ушак, ал антип айтмак эмес. Улан Жураевди тааныбайм деле, бир жолу кафеден көргөнмүн», — дейт Сыймык Жапыкеев.


Белгилей кетсек, айрым ЖМК өздүк булактарына таянып, Мелис Аспеков Сыймык Жапыкеевге каршы көрсөтмө бери жатканын жарыялады. Маалыматта Мелис Аспеков доолаган 250 миң доллардын 50 миң доллары Сыймык Жапыкеевге берилмек.
9-январь күнү УКМК Мелис Аспеков жана Улан Жураев аттуу жарандарды кармашкан. Коопсуздук кызматынын билдирүүсүндө, алар «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчисинен 250 миң доллар талап кылышкан.


Мелис Аспеков октябрь айында Садыр Жапаровду коштоп жүрүп, кийин өзүн анын Чүй боюнча штабынын жетекчиси катары жарыялаган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

260