Республика боюнча импорттолгон тирүү мал жандыктар үчүн 4 карантиндик станция ишке кирди. Анын ичинен Чүй облусунун Панфилов карантиндик станциясы 800 башка, Сокулук жана Ысык-Ата карантиндик станциялары 600 башка, ал эми Талас карантиндик станциясы 300 башка ылайыкталган.
Кечээ, 2-августа сырттан импорттолуп кирген тирүү малдын ылаңын алдын алуу үчүн расмий түрдө 4 карантиндик бекет ачылды. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Бекеттердин ачылышына министри Аскарбек Джаныбеков тиешелүү адистер менен бирге катышкан.
Карантиндик бекеттерде сырттан кирген тирүү малдар 2-3 күн кармалып, кан алынып, ылаңы текшерилет жана идентификатсиядан өткөрүлүп, кулактарына Кыргызстандын биркасы тагылат.
Карантиндик бекеттер жеке ишкерлер тарабынан кызмат көрсөтөт жана министрлик менен тыгыз иш алып барат.
Баса, карантиндик бекеттерде турган асыл тукум малдарды фермерлер ордунан сатып алууга зор мүмкүнчүлүк түзүлгөн.