7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Төө-Ашуудагы өрттөн экинчи милиция кызматкери каза болду

843

Баткенде күйүк алган экинчи милиция кызматкери Орозмамат Акуналиев каза болду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кызыл-Кыя ШИИБдин тергөө кызматынын улук тергөөчүсү, милициянын капитаны Орозмамат Акуналиев 30 жашта болчу, өрт кырсыгына жардам берем деп мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Артында 2 уул, 1 кызы калды.

Орозмамат Акуналиев 1993-жылы 12-мартта Ош облусунун Ноокат районунун Кулатов айылында төрөлгөн. Ал Кыргыз Республикасынын ИИМдин Э.Алиев атындагы Академиясынын бүтүрүүчүсү, Өзгөн , Ноокат РИИБдеринде, Ош ОИИБде кызмат өтөп, 2021-жылдан бери Кызыл-Кыя ШИИБдин тергөө кызматынын улук тергөөчүсү болуп үзүрлүү эмгектенип келген.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгы Орозмамат Акуналиевдин үй-бүлөсүнө, бир туугандарына, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

844