7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Төө-Ашуудагы туннелди асфальттоо иши башталды

782

Төө-Ашуудагы К.Көлбаев атындагы туннелдин унаа жолуна асфальт-бетон төшөө иштери башталды.

«Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, туннелдин 2 миң 510 метрди түзгөн унаа жолу толугу менен асфальтталат.

Белгилей кетсек, туннелдин жолуна асфальт төшөө иштерине байланыштуу жол 10 саатка чейин жабылып турат. Иштер 26-июлдан 6-августка чейин жүргүзүлөт. Бул аралыкта унаалар төмөндөгүдөй график менен өткөрүлүп турат:

Сосновка өткөрүү пункту тарабынан:

— оор жүк ташуучу унаалар үчүн: түнкү саат 03:00дөн баштап 16:00гө чейин;

— жеңил унаалар үчүн: эртең мененки саат 06:00дөн баштап 16:00гө чейин жабылат.

Ал эми борбор калааны көздөй — Бишкек — Ош унаа жолунун 144-чакырымынан (Суусамыр өрөөнү):

— оор жүк ташуучу унаалар үчүн: эртең менен 05:00дөн баштап 16:00гө чейин;

— жеңил унаалар үчүн: эртең мененки саат 06:00дөн баштап 16:00гө чейин жабык болот.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

783