7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түндөгү жер титирөөдө Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунда таштар кулаган

625

Жер титирөөдөн улам Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 410-чакырымында тоо боорунан топурак, таштар кулады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирет.

Жолчулар унаа кыймылына тоскоолдук жараткан таштарды колдун күчү жана атайын техниканын жардамы тазалап, жумуштар түнкү саат 2:20да жыйынтыкталды.

“Өлкөнүн башка унаа жолдорунда мындай көрүнүштөр катталган жок”, — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн түнкү саат 00:09да Кытай Эл Республикасынын аймагында күчү 8 баллга жеткен жер титирөө катталды. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

 

 

626