7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Төрага Талант Мамытов Азербайжандын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

617

Бүгүн, 27-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Азербайжан Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Гандилов Латиф Сейфаддин оглун кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы ар тараптуу байланыштарды арттыруу маселелери талкууланып, парламенттик кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу сөз болду.

Төрага Талант Мамытов быйыл Кыргызстан менен Азербайжан ортосундагы дипломатиялык алакалардын түзүлгөндүгүнө 30 жыл толгонун белгилеп: “Тарыхый тамыры терең эки элди орток маданий жана руханий байланыштар жакындатып турат. Боордоштук, бир туугандык жана достук алакага негизделген мамилелерди мындан ары да жигердүү улантып, саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык өнөктөштүктү өнүктүрүшүбүз кажет”, – деди.

Муну менен катар Төрага президент Садыр Жапаровдун Азербайжан Республикасына апрель айында жасаган расмий иш сапары тууралуу да кеп кылып, анда жетишилген келишимдердин ишке ашырылышы кызматташтыкты жаңы деңгээлге көтөрүүгө өбөлгө болорун кошумчалады.

Ошондой эле Талант Мамытов парламенттик алакаларды кеңейтүү маселелерине токтолуп, бул жааттагы дипломатия мамлекеттер аралык мамиле үчүн маанилүү экенин белгиледи.

Өз кезегинде Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчи Гандилов Латиф Сейфаддин оглу Азербайжан мамлекети Кыргызстан менен ар тараптуу байланыштарды чыңдоого кызыкдар экендигин белгилеп, стратегиялык өнөктөш катары кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгаруу керектигин билдирди.

Андан тышкары, жолугушууда эки тараптуу иш сапарларды уюштуруу жана депутаттык достук топторунун ортосундагы диалогду кеңейтүү маселелери көтөрүлдү.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

618