2020-жылдын 21-декабрында, Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Түркиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Женгиз Фыратты кабыл алды. Алар Руслан Казакбаевдин 2020-жылдын 9-11-ноябрында Түркияга болгон иш сапарынын жыйынтыктарын талкуулашты. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Министр белгилегендей, иш сапар кыргыз-түрк стратегиялык кызматташтыгынын учурдагы көптөгөн маселелер боюнча күн тартипти жаңылап, натыйжалуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын аныктоого мүмкүндүк бергенин белгиледи.
«Түркия тарап саламаттыкты сактоо жаатында Кыргызстан менен кызматташууну улантаарын жана боордош кыргыз элине COVID-19 пандемиясына каршы керектүү жардамын берүүгө даяр экендигин ырастады. Тактап айтканда, Ж.Фырат Түркиянын координация жана кызматташуу агентствосу (ТИКА) Кыргыз Республикасынын аймактарында бейтапканалардын ачылышы, оңдолушу жана техникалык камсыз кылынусуу боюнча долбоорду ишке ашырууга даяр экендигин белгиледи», — деп билдирет басма сөз кызматы.
Ошондой эле, элчи Женгиз Фырат түрк тараптын терең кызыгуусун тастыктап, саясий, соода-экономикалык жана маданий чөйрөлөрдө жигердүү кызматташтыкты мындан ары да өркүндөтүү керектигин билдирди. Кыргызстандын мындан аркы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө ар тараптуу жардам көрсөтүү үчүн Түркиянын чечкиндүүлүгүн кошумчалады.