7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түркияда эң көп маяна алган актриса Фахрийе Эвджен

1233

Таланты жана сулуулугу менен Түркияда гана эмес дүйнө жүзүнө дагы таанылган актриса Фахрийе Эвджен тууралуу сөз болсун. Фахрийе Эвджен 1986-жылы Германиянын Золинген шаарында жарык дүйнөгө келген. Учурда ал Бурак Озчивиттин жубайы жана 1 баланын апасы. Алар экинчи ирээт ата-эне болууну күтүп жүрүшөт.

1. Атасы түрк, апасы черкес улутунан.

2. Төрт бир тууган, анын үч эжеси бар.

3. Мектепти жакшы окуган жана спортту жакшы көргөн, баскетболга катышкан.

4. 19 жашка чейин Германияда жашап, 2005-жылы апасы менен Түркияга саякаттап келген, анда режиссер кызды жолдон көрүп эле байкап калып, киного тартуу сунушун киргизген. Ошол убакыттан тарта Түркияда жашап калган.

5. Ал актриса болууну ойлонгон дагы эмес, анын үй бүлөсү катуу тарбия берген. Мектепти аяктагандан кийин Генрих Гейн атындагы Дюссельдорфский университетине социология бөлүмүнө тапшырган, бирок актрисалык карьерасы башталып кетип, окуусун таштап койгон. Кийинчерээк Түркиядан окуусан бүтүргөн.

6. Фахрийенин алгачкы рольдору ага ийгилик алып келген эмес, бирок жаңы сериалдарга жол ачкан. 2013-жылы “Королек птичка певчая” сериалына сунуш түшүп, ал жерден Бурак Озчивит менен бирге роль ойношкон.

7. Бурак менен жолукканга чейин ал Озджан Дениз менен кыз жигит болуп сүйлөшүп жүргөн. Алардын мамилеси баш кошконго чейин жетип, бирок той жакындаганда Оздждан башка кыз менен сүйлөшүп кеткен деген сөздөрдөн улам тойду Фахрийе токтотуп койгон.

8. “ Королек птичка певчая” сериалында Эвджен менен Буракдын ортосунда мамиле болгон эмес, анткени Бурактын сүйлөшкөн кызы болсо, Фахрийе сүйүктүүсү менен эки айрым жолго түшүп, жаңы мамиле курууга даяр болгон эмес. Алар эки жылдан кийин дагы бир проектте сүйүшкөндөрдүн ролун ойноп, ошол жерден жолугуп, сүйүү сезими пайда болгон.

9. Алар 2015-жылдан тарта кыз жигит болуп сүйлөшүп , 2017-жылы 29-июнда үлпөт тою белгилүү ресторандардын биринде өткөн. Эки жылдан кийин балалуу болушкан. Баласынын атын Каран деп аташкан.

10. Жаш жубайлар бал айын Грециядан өткөрүшкөн.

11. Жубайлар көп балалуу болууну каалашат. Учурда Фахрийе экинчи ирээт кош бойлуу. Түрктөрдүн ЖМКларынын маалыматы боюнча, эгиз төрөлөт деген сөздөр, имиштер айтылууда.

12. Жылдыздуу түгөйлөр эң көп маяна алган түрк атактууларынын бири .

13. Актриса түркиянын эң сулуу актрисалардын тизмесине кирет. Азыркы учурда Фахрийени Түркиянын Моника Беллучиси деп аташат.

14. Эвджен түрк, англис, немец, испан тилинде эркин сүйлөйт.

15. Актриса болбосо, ырчылык кесипти аркаламак. Анткени, анын үнү тунук жана жагымдуу.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1234