7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түркиялык компания Бишкек шаарына монорельс курууну пландоодо

1014

Түркиялык “Sky Ray Ve Oto Yedek Parça Ekipmanlari Üretim Sanayi A.Ş» Бишкек шаарында монорельстүү транспорттук тутумду куруу маселесин карап жатат. Бул тууралуу Инвестиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, президент Садыр Жапаровдун Түркияга болгон расмий иш сапарында, компания менен Инвестициялар министрлигинин ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлган.

«12-14-июль күндөрү түркиялык компаниянын башкармалыгынын төрагасы Нежметтин Генчйылмаз жана компаниянын технологу Йылгай Йылмаз Бишкек шаарынын транспорт тутумун изилдөө үчүн Бишкекке келишти. Инвестиция министрлигинин кызматкерлери Бишкек мэриясы менен биргеликте Түркия өкүлдөрүнө монорельстүү транспорттук тутумду куруу үчүн потенциалдуу аянтчалар менен таанышуу ишин жүргүзүштү”, — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1015