7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түркмөн Президенти уулуна «Эмгек сиңирген ит багуучу» наамын ыйгарды

840

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедовдун уулу Сердар Бердымухаммедовго «Түркмөнстандын эмгек сиңирген ит багуучусу» наамын ыйгарды. Мамлекет башчынын бул тууралуу жарлыгы 21-апрелде телевидение аркылуу расмий кабарланды.

Түркмөнстанда Алабай породасындагы иттерге да, ит багуучуларга да өзгөчө көңүл бурулат. 2020-жылдын нобярында Ашхабадда Алабайга чоң айкел орнотулган.»Эмгек сиңирген ит багуучу», «Эл ит багуучусу» сыяктуу жогорку наамдарды 2021-жылдын мартында парламент негиздеген. Президент «Түркмөн Алабайы» китебин жазып, ММКлар аталган китеп «элдин жашоо-турмушунда маанилүү роль ойнойт» деген пикирин айтышат.

Өлкөдөгү абройлуу сыйлыктардын бири саналган бул наам Сердарга эгемендик доорунда ит багуу жаатында жетишкен ийгиликтери үчүн ыйгарылды.

Сердар Бердымухаммедов — премьер-министрдин орунбасары, Жогорку көзөмөл палатасынын төрагасы жана «Түркмөн Алабайлары» эл аралык ассоциациясынын жетекчиси.

Эске салсак Түркмөнстан президенти  Гурбангулы Бердимухаммедов иттер жөнүндө китеп жазган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

841