7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түштүк Кореяда заводдогу өрттөн 20дан ашык адам каза болду

457

Түштүк Кореяда заводдон өрт чыгып, 20дан ашык адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Хвасондогу литий аккумуляторлорун чыгарган заводдогу тилсиз жоодо көз жумгандардын саны 22ге жетти. Алардын көбү кытайлык жарандар. Каза болгондордун саны дагы да өсүшү мүмкүн, анткени дайынсыз жоголгон кызматкерлер да бар. Өрттөн 2 киши олуттуу, алты адам жеңил жаракат алган.

Сеул шаарынан 45 чакырым алыстыкта жайгашкан заводдогу өрттү чектөөгө алышкан. Каза тапкандардын баары фабрикалык корпустун экинчи кабатынан табылган.

 

 

 

458