7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акын Нурсултан сүйүктүүсү Нурайымды эл алдында жүгүндүрдү

904

Кара-Булак эс алуу жайында “Тоолордо кыргыз жүрөгү” аталышындагы айтыш өттү. Айтыштын финалдык бөлүгүндө акындар Мамбеттокто Мамбеторозо уулу менен Нурсултан Малдыбаевдин айтышы орун алды.

Анда Мамбет акын «эл алдына алып чыгып кара кызды, бир жүгүнтүп бата алып койбойсуңбу» деп сунуштады эле, Нурсултан акын Нурайым Акылбекованы чакырып, ал эл алдында жүгүндү.

Бул айтыш меценат Жумадыл Эгембердиев тарабынан уюштурулуп, жалпы байге фонду 1 миллион сомду түздү. Баш байге Жылдызбек Төрөкановго, 1-орун Кутман Садыбакасовго, 2-орун Мамбеттокто Мамбеторозо уулу менен Нурсултан Малдыбаевге, 3-орун Изат Айдаркулова жана Турат Жумаевге ыйгарылды.

 

 

905