Тайланддын борбору Бангкок шаарында тотукуш кожойкесинин зер буюмуна кол салган. Бул тууралуу маалыматты чет өлкөлүк басма сөз каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, кымбат баалуу ташты анын курсагынан наркоздун жардамында алып чыгышкан.
«8 айлык Фрости бриллианттарды жуткандан кийин тамактанбай, алсырап баштаган. Аны ветеринардык бейтапканага жеткиришип, ал жактан рентген аркылуу текшергенде гана ашказанында катуу буюм бар экенин билишкен»,-деп берилет маалыматта.
Белгилей кетсек, анын ашказанынан 21 даана бермет (бриллиант) толугу менен чыгарылган.