Мурдагы вице-премьер Тайырбек Сарпашевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. УКМКнын маалымат кызматы, Сарпашев тергөө аяктаганга чейин камакта болоорун кабарлады.
Эске сала кетсек, ал Кумтөр иши боюнча коррупцияга шектелип 18-июнда УКМК тарабынан кармалган. Кийин УКМК менен кызматташып, баалуу маалыматтарды бергендиги үчүң тил каттын негизинде үй камагына чыккан болчу.