7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тайырбек Сарпашев өз ыктыяры менен өткөрүп берген жер аз камсыз үй-бүлөлөргө берилет

387

Мыйзамсыз баюу фактысы боюнча сотко чейинки процесстин жүрүшүндө, Тайырбек Сарпашев Токтогул районунун балансына мурун алган жана жакын туугандарынын атында каттоодо турган 500 гектар жайыт жерин, ошондой эле Токтогул районунда жайгашкан 30 гектар сугат жерин кайтарып берди. Бул тууралуу финполиция билдирди.


Маалыматка ылайык, Сарпашев мыйзамсыз алынган мүлктү өз ыктыяры менен кайтарып берүү шарттарынын баштапкы этабын аткарды.


Мамлекеттик экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын органдары Токтогул районунун Торкен айыл өкмөтүнүн жакыр жашаган үй-бүлөлөргө кайтарылган жерлерди бөлүштүрүү процессин көзөмөлгө алууну көздөп жаткандыгын белгиледи.


Кыргыз Республикасынын Финансы полициясы сотко чейинки процессти улантууда, анын жүрүшүндө Т.Сарпашевдин мүлкүнүн калган бөлүгүнүн мыйзамдуулугу боюнча текшерүү иш-чараларын жүргүзүп жатат. 2020-жылдын 9-декабрында саат 16:00гө чейин Т.Сарпашевге мындан аркы тергөө амалдары үчүн Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын тергөө бөлүмүнө келүүгө чакыруу кагазы тапшырылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

388