7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Талант Мамытов Нурсултан Назарбаевди Казакстандын Биринчи Президентинин күнү менен куттуктады

277

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 1-декабрда, Казакстан Республикасынын Туңгуч Президенти Нурсултан Назарбаевди Казакстан Республикасынын Биринчи Президентинин күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппартынын басма сөз кызматы маалымдады.


«Сиздин жетекчилигиңиз менен Казакстанда жүргүзүлгөн масштабдуу реформалар өлкөнүн социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө багытталып, Казакстанга жаркын келечектин жолун ачты. Кыргызстан менен Казакстандын элдеринин ортосундагы эзелтен бери келе жаткан достук мамилелер ынак коңшулуктун, стратегиялык өнөктөштүктүн жана союздаштыктын негизинде мындан ары да өнүгө берет деп терең ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.


Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Нурсултан Назарбаевге бекем ден соолук, бакты-таалай, бакубатчылык, ал эми боордош Казакстан элине бейпилдик жана өнүгүү каалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

278