7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таланттуу режиссёр Жалил Мидинов 65 жашында көз жумду

1117

8-августта 65 жаш курагында узакка созулган оорудан Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, талантуу театр режиссёру, Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын көркөм жетекчиси Жадылбек (Жалил) Мидинов дүйнөдөн кайтты.

Маркум менен коштошуу зыйнаты бүгүн, 9-августта саат 12:00дө Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрында өтөт.

Жалил Мидинов -1956-жылы 15-июлда Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылында жарык дүйнөгө келген.

  • 1975-жылы Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы театралдык студияны аяктаган. Алгачкы эмгек жолун М. Жангазиев атындагы куурчак театрында актёр болуу менен баштаган.
  • 1983-1987-жылдары Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун театр режиссёру адистиги боюнча окуган.
  • 1990-1991-жылдары Н. Черкасов атындагы Санкт-Петербург мамлекеттик театр, музыка жана кинематография институтунун жогорку режиссёрдук курсунда белгилүү режиссёр, Россия Федерациясынын искусствосуна эмгек сиңирген ишмер А. Белинскийдин классында окуган.

Санкт-Петербургдагы окууну аяктап келгенден кийин М. Жангазиев атындагы куурчак театрында башкы режиссер болуп эмгектенген.

  • 1996-1998-жылдары Б. Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрында режиссёр-коюучу кызматын аткарган. 1998-жылы эксперименталдык куурчак театрларынын негиздөөчүсү жана жетекчиси болуп «Тунгуч» театрынын алдында иш алып барган.
  • 2008-жылы кайрадан М. Жангазиев атындагы куурчак театрында башкы режиссёр болуп дайындалган. Андан соң театрдын көркөм жетекчиси жана режиссёру, Ш. Термечиков атындагы Чүй облустук драма театрынын режиссёру, М. Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрынын көркөм жетекчиси болгон. Өмүрүнүн соңку жылдарында Б. Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрында көркөм жетекчилик кызматты аркалап турган.

Ж. Мидинов биздин өлкөдөн сырткары Кытай Эл Республикасында, Литвада, Монголияда, Орусияда, Өзбекстанда, Казакстанда өткөн ар кандай эл аралык кароо-сынактардын, фестивалдардын катышуучу жана жеңүүчүсү болгон.

Кыргыз Республикасынын маданияты менен көркөм өнөрүнүн өнүгүп-өсүшүнө чын ылакстан кызмат кылып, зор эмгектерди сиңиргендиги мамлекет тарабынан бааланып, Кыргызстандын улуттук «Эргүү» театр искусствосу сыйлыгынын эки жолку ээси, Маданияттын мыкты кызматкери, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер жана башка бир нече сыйлыктардын ээси болгон.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1118