Таласта 19 жаштагы кыздын жансыз денесин 3 бала ооруканага жеткирип барган. Милиция алгачкы текшерүүдө күч колдонулбаганын далилдеген. Бирок маркумдун ата-энеси экспертизадан баш тартып, сотко чейинки өндүрүш ишин да кыскартууну суранган.
Талас ОИИБинин басма сөз кызматы берген маалыматка ылайык 30-апрель, саат болжолдуу 13:25те Талас Облустук биргелешкен ооруканасынын кабыл алуу бөлүмүнүн мээрманы телефон аркылуу, шаардык милицияга жаш кыздын жансыз денеси келип түшкөнүн кабарлаган.
Талас ШИИБи фактына каттоого алуу менен тиешелүү текшерүү иштерин баштап, тергөө тобу ооруканага барганда, маркум Талас районунун Көк-Ой айылынын тургуну 2002-жылы туулган М.Э. экендигин тастыктаган.
Кыздын жансыз денесин ооруканага 3 бала алып келген жана алар кызды Талас шаарынын Э.Кутманалиев атындагы стадионунан көрүп калып, ооруканга алып барканын айтышкан.
- Талас шаарынын тургуну 1997-ж.т. К.М.,
- Манас районунун Арал айылынын тургуну 1998-ж.т. Б. уулу Б.
- Талас шаарынын 1997-ж.т. тургуну Ш.Б.
Окуя боюнча соттук медициналык экспертизанын эксперти менен чогуу денени кароо учурунда эч кандай күч колдонуунун белгилери аныкталган эмес.
Бирок каза болгон кыздын ата-энеси эч кимге эч кандай доо арызы жок экендигин айтып, кыздын жансыз денесин экспертизага берүүдөн баш тартышкан. Ал гана эмес өндүрүштөгү сотко чейинки өндүрүш ишин кыскартып берүүнү өтүнгөн.