7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таласта дүкөндөн 40 телефон уурдап чыгып, чет өлкөгө сатып жиберген жаран кармалды

459

Таласта 40 уюлдук телефонду уурдаган шектүү кармалды. Бул тууралуу Талас облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Анын айтымында, 2020-жылдын октябрь айында уюлдук телефон саткан дүкөндөн 40 телефон жана 56 миң сом уурдалган.


Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси «Уурулук» боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Укук коргоо кызматкерлери айрым телефондор Бишкек шаарынын базарларына сатуу үчүн алынып келингенин аныкташты.


Шектүү катары 48 жаштагы жаран кармалып, убактылуу камоочу жайга киргизилген. Ал уурдалган буюмдардын жарымын Казакстанга жана Россияга сатыкка жиберип, калганын Кыргызстанга саткан. Кармалган адам жабырлануучуларга материалдык чыгым төлөп берүүгө даяр.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

460