7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таласта милиция жеке фонддун акчаларын чачып, текшерүүгө алды

1441

Таласта милиция кызматкерлери “Эл биримдиги” өнүктүрүү фондунун имаратында тинтүү жүргүзүүдө. Соцтармакта милиция кызматкерлери акчаны санап жаткан видео тарады.

Талас облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришкендей, автобекеттин ичиндеги имаратта коомдук өнүктүрүү багытындагы фонд ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткандыгы аныкталган.

Фонддун өкүлү Талас районунун Ташарык айылынын 37 жаштагы Т.К. аттуу тургуну экендиги аныкталган. Ал өзүнүн наамына Талас облусу боюнча юстиция башкармалыгы тарабынан “Ашар касса” жоопкерчилиги чектелген коомун (ЖЧК) ачып, кийинчерээк “Эл биримдиги” аттуу өнүктүрүү фондуна өзгөрткөн.

Аталган факты боюнча Т.К. шаардык милицияга алып келинип, түшүнүк кат алынган.

“Ал эми Талас облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги ал фактыга тийиштиги бар деген маалымат чындыкка дал келбейт”, — деп айтылат маалыматта.

Учурда аталган факты боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Короче KG (@koroche_kg)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1442