7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таласта токойдон чыккан ири өрт жаңы техникалардын жардамы менен өчүрүлдү

383

Таласта токойдон чыккан ири өрт жаңы алынган техникалардын жардамы менен өчүрүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, күн мурун Талас облусунун Бакай-Ата районунун Кең-Арал айылындагы токойдон чыккан өрттү өчүрүүгө ӨКМден жалпы 5 күжүрмөн эсеп, 40 куткаруучу 2 мотопомпа менен тартылган.

Мындан тышкары токой кызматынан 35 адам, жергиликтүү тургундардан 60, жалпы 135 адам жалынды чектөө аракетин көрүүдө.

Белгиленгендей, өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракети менен тилсиз саат 18:00дө чектөөгө алынып, саат 19:28де толук өчүрүлдү. Жабыркагандар жок.

Тилсиз жоонун кесепетинен токойдун аймагында жана ачык аянтта болжол менен 40 га куураган чөп жана бак-дарактар күйгөн. Бактыга жараша жабыркагандар жок.

Белгилей кетсек өрт ачык аянтта чыгып, жалындын күч алышына шарт түзгөн шамалга карабастан жаңы өрт өчүрүүчү унаалардын жана атайын шаймандардын күчү менен өрттү чектеп, өчүрүп калууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

384